• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстанда жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү боюнча система иштелип чыгат

Коом 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Бишкекте "Жергиликтүү деңгээлде жайыттардын абалын баалоо" методикасы тааныштырылды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, методика Асыл тукум мал чарбасы, жайыт жана тоют департаментинин демилгеси менен ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан.

Иш-чарага айыл чарба министринин орун басары Асел Кененбаева, "Кыргызмамжердолбоорлоо" мамлекеттик ишканасынын директору, ФАО, CAMP Alatoo, GIZ эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын максаты жайыт мониторинг системасынын сунушталган моделинин иштешин эксперттик талкуулоо болуп саналат.

Анын жүрүшүндө төмөнкүдөй презентациялар жасалды:

  • жергиликтүү деңгээлде жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча бирдиктүү методологияны иштеп чыгуу;
  • жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча колдонмо;
  • NDVI аркылуу жайыттардын абалын баалоо;
  • жайыт абалынын мониторингинин маалымат базасы;
  • сунушталган жайыттардын мониторингинин маалымат агымынын схемасынын долбоору жана ошондой эле жайыттарга мониторинг жүргүзүү боюнча иштелип чыккан инструкцияга жана жайыттардын абалы боюнча бирдиктүү маалымат базасына ылайык, КРнын мамлекеттик милдеттенмелеринин аткарылышы боюнча ченемдик укуктук актылардын, улуттук саясаттын жана эл аралык келишимдердин аналитикалык отчету.

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар төмөнкүлөрдү төмөнкүдөй маселелер белгилешти:

  • акыркы колдонуучунун кызыкчылыктарын эске алуу менен методологияны иштеп чыгуунун жана аны мыйзам менен бекитүүнүн маанилүүлүгү;
  • мониторинг жүргүзүү үчүн жергиликтүү деңгээлдеги кадрлардын потенциалы;
  • бирдиктүү системалык методологияны иштеп чыгуу;
  • алыстан зонддоо маалыматтарын текшерүү үчүн ресурс катары сунушталган системанын пайдалуулугу.

Пикир

Оставить комментарий