• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда жакында электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн порталы пайда болот

Коом 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Бишкекте КРнын мамлекеттик органдарын санариптештирүү боюнча конференция өтүүдө.

Иш-чарада Мамлекеттик байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров катышуучуларды мамлекеттик органдардын электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн порталынын пилоттук версиясы менен тааныштырды.

Анын айтымында, портал 22 ведомствонун 180 кызмат көрсөтүүсүн тартуулайт.

“Бардык керектүү маалымкаттарды үйдөн чыкпай туруп алууга мүмкүн болот. Биз ар бир жаран өзүнө керектүү кызмат көрсөтүүдөн пайдалануусу үчүн түшүнүктүү порталды иштеп чыктык. Порталдын 3 миллиондон ашык потенциалдуу колдонуучусу болот. Порталда бардык кызмат көрсөтүүлөр жарандардын электрондук колунун каражаттары боюнча жүргүзүлөт”, - деди Шатемиров.

Анын маалыматына караганда, учурда эксперттердин тобу пилоттук порталдын тестирлөөсүн жүргүзүп жатат.

“Uslugi.gov.kg порталы азырынча доменге байланыштырыла элек. Азыр биз эскертүүлөрдү, тестирлөөчүлөрдүн кошумчаларын кабыл алып, аягына чейин аны иштеп чыгабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий