• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик өтпөй турган болду

Коом 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. "Таза Мурас" улуттук кампаниясынын алкагында эртең, 17-сентябрга белгиленген жалпы республикалык ишембилик өтпөй турган болду.

Бишкек мэриясы билдиргендей, ишембилик кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалдын курчушу менен байланыштуу токтотулду.

Эскерте кетсек, баткендиктерди колдоо максатында борбор калаада гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттары, ошондой эле акча которууга боло турган атайын банк эсеби ачылган: 4402061213012249.

Пикир

Оставить комментарий