• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда жарандар бир айда азык-түлүккө канча каражат коротот?

Коом 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан 2024-жылдын июнь жана июль айларына карата республика боюнча азык-түлүк куржунунун баасына мониторинг жасалды.

Азык-түлүктүн баасы кобүнчө жашылча жемиштер, сүт азыктары жана бахча өсүмдүктөрүнө баалары өзгөргөндүгүн байкаса болот.

Алсак:

Июнь

Июль

Азыктардын тизмеси

1-сорттогу буудай уну – 42 сом

1-сорттогу нан – 31 сом

Күрүч – 159 сом

Гречка – 78 сом

Пияз – 25 сом

Помидор – 111 сом

Бадыраң –71 сом

Сабиз – 37 сом

Капуста – 29 сом

Картөшкө – 30 сом

Төө буурчак – 105 сом

Кумшекер – 85 сом

Өсүмдүк майы – 116 сом

10 даана жумуртка – 112 сом

Алма – 120 сом

Кой эти – 561 сом

Уй эти – 512 сом

Канаттуулар эти – 307 сом

Балык –399

Чийки сүт – 44 сом

Айран – 61 сом

1-сорттогу буудай уну – 44 сом

1-сорттогу нан – 29 сом

Күрүч – 132 сом

Гречка – 74сом

Пияз – 36 сом

Помидор – 100 сом

Бадыраң –63 сом

Сабиз – 36 сом

Капуста – 29 сом

Картөшкө – 23 сом

Төө буурчак – 71 сом

Кумшекер – 86 сом

Өсүмдүк майы – 130 сом

10 даана жумуртка – 111 сом

Алма – 117 сом

Кой эти – 542 сом

Уй эти – 517 сом

Канаттуулар эти – 350 сом

Балык –432 сом

Чийки сүт – 42 сом

Айран – 62 сом

2024-жылдын июнь айына карата азык-түлүк куржундун баасын эске алуу менен республика боюнча жашоо минимумун эсептей келгенде бир айда бир жаранга 8050 сомду түздү, ал эми 2024-жылдын июль айына карай эсептелген жашоо минимуму 7959 сомду түздү жана июнь айы менен салыштырмалуу 1,13% га төмөндөгөнүн байкаса болот.

Эскерте кетсек, Улуттук статистика комитетинен берилген жашоо минимуму республика боюнча 7769,17 сомду түзөт жана орточо айлык маяна 33664 сом.

Пикир

Оставить комментарий