• 86.2
  • 91.48
  • 0.88

Кыргызстанда жарым жылда унаа уурдоо боюнча 123 кылмыш катталды

Коом 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. Кыргызстанда 2023-жылдын 6 айында унаа уурдоо боюнча 123 кылмыш катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-июлда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы аймактык ички иштер органдары менен биргеликте “Унаа издөө” ыкчам алдын алуу иш-чарасын баштады.

Иш-чаранын максаты унаа транспорт каражаттарын уурдоого, күбөсү жок болгон жол кырсыктарынын, андан сырткары башка мыйзамга каршы аракеттердин бетин ачууга байланышкан кылмыштарды аныктоо болуп саналат. Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан унаа базарлары, техникалык тейлөө станциялары жана посттордогу унаалар текшерилүүдө.

Белгиленгендей, 2023-жылдын алты айында унаа каражаттарын айдап качууга байланышкан 123 кылмыш катталган. Айрым фактылары аныкталбай калып жатат. Бул көрсөтүлгөн аралыкта жол кырсыктарын жасагандан кийин 539 айдоочу изин жашырып кеткен. Алардын ичинен 12 учуру адам өлүмү менен коштолсо, 580 адам денесинен ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышкан. Азыркы учурда бети ачылбаган фактылар бар.

Бул сандар айдоочулардын жоопкерчиликсиздигинен, кайдигерлигинен, айдоо маданиятынын жоктугунан жана жолдордогу начар жүрүм-турумунан кабар берет. Изин жашырып кеткен кылмышкерлер сөзсүз аныкталып, мыйзам чегинде катуу жоопкерчиликке тартылат.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери ЖКККББнын жана Биринчи май РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте “Кудайберген” базарынын унаа тетиктерин саткан жайларын текшеришти.

Учурда бул рейддик иш-чара уланууда.

Пикир

Оставить комментарий