• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстанда жасалган Gucci, Reebok жана Puma Россиянын аймагына киргизилип жатканда кармалды

Коом 0

Бишкек, 02.10.18 /Кабар/. Россиянын бажы кызматкерлери Россиянын аймагына контрафактылык товарларды алып кирүүгө аракет кылган адамдарды кармады. Товарларды салып бара жаткан жүк ташуучу унаа Кыргызстандан Екатеринбургга “Троицк” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу бара жаткан. Ал А-310 жолунан токтотулган.

Бажы текшерүүсүнүн жүрүшүндө автоунаадан контрафактылык белгилери бар спорттук костюмдар, джынсы шымдар, көйнөктөр, кофталар табылган. 800дөн ашык кийимге “GUCCI”, “Reebok”, “Adidas”, “Puma”, “Philipp Plein”, “Dolce & Gabbana” фирмаларынын товардык белгилери коюлган.

Укук ээлеринин арызы менен келтирилген зыяндын алдын ала суммасы 3 миллион рублден ашат.

Товар полицияга өткөрүлүп берилген. Мыйзамды бузгандар эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эске салсак, бул Челябинск облусунун аймагында мобилдик топтор тарабынан аныкталган контрафактылык товарлардын биринчи партиясы эмес. Бажы кызматкерлери жыл башынан бери 69 миңден ашуун контрафактылык товарды аныктаган. Мыйзамсыз иш-аракеттердин келтирген зыяны 145 миллион рублден ашкан.

Пикир

Оставить комментарий