• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Кыргызстанда жасалма интеллектти калкты тейлөө борборлорунда колдонуу ишке ашырылууда – Кутнаева

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 09.10.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Кыргызстанда жасалма интеллектти калкты тейлөө борборлорунда колдонуу ишке ашырылууда. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Бишкекте өтүп жаткан жасалма интеллект боюнча форумда билдирди.

Анын айтымында, жасалма интеллект чөйрөсүндөгү биргелешкен аракеттер жана долбоорлор туруктуу экономикалык өсүшкө, социалдык өнүгүүгө жана санариптик коопсуздукка кандай салым кошо алары бүгүнкү форумдун алкагында талкууланат.

Министр белгилегендей, бүгүнкү сессия Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдө санариптик трансформацияны тездетүү үчүн жасалма интеллектти колдонуунун мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин изилдөөгө арналган.

"Кыргызстанда жасалма интеллект технологияларын ишке ашыруу жаатындагы негизги жетишкендиктерди белгилегим келет. 2024-жылдын март айынан баштап "Инфоком" мамлекеттик ишканасы тарабынан жасалма интеллекттин негизинде калкты тейлөө борборлорунун ишине мониторинг жүргүзүү системасын иштеп чыгуу долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда" , - деди Кутнаева.

Системанын негизги максаты - кызматкерлердин иш-аракеттерине мониторинг жүргүзүү жана видео агымдарды талдоо.

Пилоттук долбоордун башталышы бүгүн Бишкек шаарынын Ч. Валиханов көчөсүндөгү №2 калкты тейлөө борборунда пландаштырылган. Долбоор мамлекеттик кызматтардын ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун олуттуу жакшыртууга алып келет деп күтүлүүдө, бул өлкөнүн санариптик трансформациясына карай маанилүү кадам болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий