• 87
  • 90.55
  • 0.84

Кыргызстанда жасалма соода аркылуу 1,5 млн долларды легалдаштыруу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Бажы кызматкерлери жасалма соода жана валюталык операциялар аркылуу 1,5 млн долларды легалдаштыруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Ведомстводон белгилешкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандагы "С.С." ЖЧКсы эл аралык товардык-акча мамилелерине жамынып, ЕАЭБге мүчө мамлекеттин юридикалык жактары менен товарларды жеткирүү боюнча тышкы соода контракттарын түзгөнү аныкталган.

"С.С." ЖЧКнын коммерциялык документтерине ылайык, Кыргызстандан ЕАЭБге мүчө мамлекетке 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында 1,5 млн АКШ долларына барабар суммадагы товарларды экспорттогон.

Бирок иш жүзүндө ЕАЭБдин чек араларынан товарлар өткөн эмес, соода операцияларын жүргүзгөндүгүн тастыктаган документтер жасалма болгон. Мында, товарларды сатып алуучулар банк уюмдары аркылуу төлөмдү толугу менен жүзөгө ашырышкан, алар кийин Кыргызстандын банктары тарабынан накталанган.

Ошентип, тышкы соода контракттарын түзүү, коммерциялык документтерди тариздөө жана пайдалануу, ошондой эле акча каражаттарын которуу боюнча финансылык операцияларды жүргүзүү акча каражаттарына ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө укуктук форма берүү максатында жасалган.

Бул факты боюнча материалдар КБР АДС МКЖга катталып, процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий