• 87
  • 90.58
  • 0.83

Кыргызстанда жашоо минимуму 7318 сомду түздү

Экономика 0

Бишкек 13.07.22. /Кабар/. 2022-жылдын II кварталында орточо калктын киши башына жашоо минимумунун көлөмү жалпы республика боюнча 7 318,24 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 15,6 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

II кварталда аймактар боюнча жашоо минимуму

(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)

Нет описания.

КР өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, андагы азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр - 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт. Азык-түлүк корзинасынын энергетикалык баалуулугу 2101 ккал түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.

Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму

(орточо киши башына, айына сом менен)

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий