• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстанда "Жашыл экономика - 2024" аймактык форуму өтөт

Экономика 0

Бишкек, 17.10.24. /Кабар – Мээрим Дүйшөналиева/. Кыргызстанда "Жашыл экономика – 2024" форуму өтөт. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, форум Кыргызстандын жашыл өнүгүүгө багытталган жетишкендиктерин жана кийинки кадамдарын талкуулоого маанилүү аянтча болуп берет. Иш-чарада экологиялык таза технологияларга өтүү, жашыл энергетикага инвестицияларды тартуу жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча эл аралык биргелешкен аракеттер каралат.

“Кыргызстанда уюштурулуп келген Жашыл экономика форуму бизнес коомчулуктун, эл аралык өнөктөштөрдүн жана көз карандысыз эксперттердин кызыгуусун жаратууда. Буга байланыштуу форум аймактык деңгээлге чыгып олтурат. Бүгүнкү күндө форумга эл аралык уюмдар, эксперттер катышуу ниетин билдирип жатышат. Ошондой эле Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстандын, Азия өнүктүрүү банкынын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрүнүн, ишкерлердин жана финансы институттарынын катышуусу күтүлүүдө”, - деди ал.

Санжар Болотов белгилегендей, "Жашыл экономика - 2024" форуму эл аралык өнөктөштөрдүн жана бизнес коомчулуктун колдоосу менен өткөрүлүүдө.

JIA бизнес-ассоциациясынын өкүлү Марат Жаанбаевдин пикиринде, форумдун алкагында Green Expo көргөзмөсү болот. Анда жашыл экономиканы өнүктүрүүдө колдонула турган акыркы заманбап технологиялар коюлат.

“Биздин ассоциация өкмөт жана донорлор менен жашыл экономика жана башка маселелер боюнча биргеликте иш жүргүзүү максатын көздөйт”, - деди Марат Жаанбаев.

Өз кезегинде ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьёва дүйнөдө актуалдуу болуп жаткан жашыл экономика маселелери боюнча Кыргызстан маанилүү роль ойной тургандыгын, климаттын өзгөрүүсүнө карата өлкөнүн иш-аракети колдоого арзып жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий