Артыкбаев Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун башкы директору менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун башкы директору Франк Рейсберман жетектеген делегациясы менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты мындан ары бекемдөө, ошондой эле Кыргызстанда климаттын өзгөрүшү жана "жашыл экономиканы" өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Тараптар ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары, ресурстарды үнөмдөө, энергоэффективдүүлүк жана "жашыл" транспорт чөйрөлөрүнө "жашыл" инвестицияларды тартуу маселелерине токтолду.

Тактап айтканда, Артыкбаев Кыргызстанда ГЭС куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу келечекте региондун өлкөлөрүнүн таза электр энергиясына болгон керектөөлөрүн камсыздап, бүтүндөй Борбордук Азияда колдонулган суу ресурстарын сактоого оң таасирин тийгизерин белгиледи.

Министрдин орун басары GGGIдин өкүлүн Кыргыстандын президенти Садыр Жапаровдун мамлекеттин тышкы карызын жашыл долбоорлорго алмаштыруу демилгесин колдоо максатында, кредиторлорго сунуштала турган тиешелүү долбоорлорду даярдоодо консультациялык-техникалык жардам көрсөтүүгө чакырды.

Өз кезегинде, Рийсберман Кыргызстандын жогорку жетекчилигинин климат маселелери боюнча активдүү позициясын жогору баалады жана кызыкдар мамлекеттик органдар жана уюмдар менен келечектеги биргелешкен долбоорлор боюнча кызматташууну күчөтүүгө бекем ниетин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий