• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда жер титиреди

Коом 0

Бишкек, 30-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 30-майда 08:01де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Жер титирөөнүн борбору Кыргызстандын аймагында Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан.

Республиканын калктуу пункттарында Үгүт, Коңорчок айылдарында силкинүүнүн күчү 2 баллга жеткен.

Жапа чеккендер жана кыйроолор жок.

Пикир

Оставить комментарий