• 87
  • 91.29
  • 0.84

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо башталды

Коом 0

Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Бүгүн саат 08:00дөн тарта Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо башталды.

Учурда өлкөдөгү 33 шаардык кеңешке партиялык тизме боюнча жалпы 4 928 талапкер ат салышууда. Ал эми 231 айылдык кеңешке жалпы 10 миң 81 талапкер катталган.

Белгилей кетсек, административдик-аймактык реформага байланыштуу жергиликтүү кеңештер таркатылып, жаңы шайлоо дайындалган.

Реформага чейин 32 шаардык кеңеш, 452 айылдык кеңеш, жалпысынан 484 жергиликтүү кеңеш болсо, реформадан кийин 33 шаардык кеңеш жана 231 айылдык кеңеш, баш-аягы 264 жергиликтүү кеңеш түзүлүп, дээрлик 59%га кыскарган. Буга жараша мандаттардын саны да азайды.

Эскерте кетсек, бул шайлоо бир катар өзгөчөлүктөр менен өтүүдө. Анын ичинде Кыргызстанда биринчи жолу аралыктан добуш берүү ишке ашырылууда. Бул үчүн өлкө боюнча 10 шайлоо тилкеси ачылды. Анын ичинен Бишкекте - 4, облустардын борборлорунда - 6. Аралыктан добуш берүүнү каалаган шайлоочулардын көпчүлүгү Бишкекте катталган.

Ошондой эле ар бир округдун өзүнүн бюллетени болот. Ал үчүн бардык округдарга жаңы жабдуулар жеткирилген. Жабдууларды алып келген компания эч кандай мүчүлүштүктөр болбойт деп ишендирүүдө. Эгерде мурда бюллетень бузулган учурда аны жаңысына алмаштыруу мүмкүн болсо, бул учурда аны алмаштырса болот, бирок бир гана жолу. Ар бир бюллетендин өзүнүн QR коду болот, бул код машинага алынып келинет жана ал жаңы бюллетенди басып чыгарат. Бирок эскиси автоматтык түрдө жокко чыгарылат.

Пикир

Оставить комментарий