• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтүп жатат – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 17.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бүгүн, 17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтүп жатат.

БШКнын маалыматына ылайык, саат 08:00дө республика боюнча жалпысынан 2 миң 437 шайлоо тилкеси ачылды. Добуш берүү кечки саат 20:00гө чейин уланат.

Административдик-аймактык реформанын натыйжасында түзүлгөн 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык жана 231 айылдык кеңештерге депутаттар шайланат.

Бул шайлоодо Кыргызстанда биринчи жолу аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулууда. Ошондой эле өлкөдө шайлоо системасы толугу менен автоматташтырылды.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров “Жергиликтүү кеңештерди таратуу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыкка 6-сентябрда кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий