• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо тынч өттү

Коом 0

Бишкек, 18.11.24. /Кабар/. Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо тынч жана одоно мыйзам бузууларсыз өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, күн мурун, 17-ноябрь күнү саат 08:00дө башталган шайлоо саат 20:00дө аяктады. Республиканын бардык аймактарындагы 2 443 шайлоо тилкелеринде ички иштер органдарынын 15 миң кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөдү.

Жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу жана жер-жерлердеги аймактык бөлүмдөрдүн ишин координациялоону камсыз кылуу максатында региондордо ички иштер министринин орун басарлары, ИИМдин кызматтарынын жана башкармалыктарынын жетекчилери иш алып барды.

Үгүт иштери башталгандар тарта бүгүнкү күнгө чейин шайлоого байланышкан жалпы 96 факт маалыматтардын электрондук журналына катталган. Ал эми бүгүн 17-ноябрда саат 08:00дөн баштап саат 20:00гө чейин жалпы республика боюнча шайлоо мыйзам бузууларына байланыштуу 69 факт маалыматтардын электрондук журналына катталган.

"Жалпысынан республиканын аймагында коомдук-саясий абал туруктуу. Шайлоо тынч жана одоно укук бузуулары жок өттү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий