• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда ЖККУнун атайын машыгууларынын активдүү фазасы өттү – сүрөттөр

Коом 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Бүгүн, 11-сентябрда 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын окуу-машыгуу полигонунда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) "Өз ара аракеттенүү-2024", "Издөө-2024" жана "Эшелон-2024" атайын машыгууларынын активдүү фазасы өттү.

Машыгуунун активдүү фазасына жана жабылыш аземине КР коргоо министринин биринчи орун басары – Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Руслан Мукамбетов, ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов, ЖККУнун бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков, ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын кеңешине караштуу ЖККУга мүчө-мамлекеттердин парламенттеринин коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринин төрагаларынын Координациялык кеңешмесинин делегациясы, ошондой эле аскердик-дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.

Машыгууда ЖККУнун ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрүнүн (ЫЖКЖК) биргелешкен операциянын жүрүшүндө бардык компоненттеринин ырааттуу аракеттери көрсөтүлдү.

Машыгуунун сценарийи боюнча, шарттуу душман чек арадагы аймактын бир бөлүгүнө көзөмөл орнотуп, бир катар калктуу пункттарды басып алган. Кыска мөөнөттө ЖККУга мүчө-мамлекеттердин аскердик контингенттери шарттуу аймакка көчүрүлдү. ЖККУнун ЫЖКЖК милдети - Борбордук Азия регионунда куралдуу жаңжалды чечүү боюнча биргелешкен операцияларды жүргүзүү.

Кыргызстадын Өзгөчө кырдаалдар жана Ички иштер министрликтеринин бөлүмдөрү согуштук аракеттер жүрүп жаткан райондордон жергиликтүү калкты көчүрүү жана убактылуу жашоочу жайларга жайгаштыруу иштерин жүргүзүштү.

Согушкерлерди даярдоонун базалык аймактарын жана алардын жүрүү маршруттарын табуу үчүн чалгындоо иштери Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн "Суперкам" учкучсуз учуучу аппаратынын жардамы менен жүргүзүлдү.

Машыгуунун жүрүшүндө РФ Куралдуу күчтөрүнүн "Орион" учкучсуз учуучу аппараты менен ракеталык сокку жана Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн Су-30см учактары менен душмандын негизги күчтөрүнө абадан сокку урулду. Буталардын кулашын көзөмөлдөөнү россилык "Суперкам" дрону аткарды.

Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Россия жана Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн роталык-тактикалык топтору Казакстандын МИ-17 жана Кыргызстандын Ми-8 МТВ тик учактарынын ок атуу колдоосунда калктуу конуштарга жакындоодо шарттуу душмандын күчтөрүн жок кылууну иштеп чыгышты.

Кыргызстан жана Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик авиациясынын тик учактарынан тактикалык аба десантынын конушу – ЫЖКЖК роталык-тактикалык топторуна калктуу конуштарды "боевиктердин" басып алышына жол бербөө үчүн пайдалуу чекти ээлөөгө мүмкүндүк берди. Тактикалык аба десантын Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын атайын багыттагы топтору ишке ашырышты. Десантчылардын аракетин Кыргызстандын Д-30 жана "МСТА-Б" артиллериялык батареялары коштоду.

Душмандардын резервдери тосулган калктуу конушка жакындашына жол бербөө максатында Ан-26 аскердик-транспорттук учагынан парашют менен КР Куралдуу күчтөрүнүн атайын багыттагы тобунун курамында тактикалык аба десанты конду.

ОШондой эле КР Куралдуу күчтөрүнүн "Илбирс" атайын багыттагы тобу жана Кыргызстан менен Беларустун Ички иштер министрликтеринин атайын багыттагы топтору калктуу конуштарды тазалоо иштерин жүргүзүштү.

ЖККУ бөлүмдөрүнүн активдүү жана координацияланган иш-аракеттеринин аркасында душман жок кылынып, мамлекеттик чек ара калыбына келтирилди.

ЖККУ ЫЖКЖК машыгуунун активдүү фазасынын алкагында төмөнкү маселелер иштелип чыкты:

  • ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрүнүн кошуундары менен согуштук жана атайын аракеттерди жүргүзүү;
  • душмандын талкаланышын аяктоо үчүн тактикалык аба (деңиз) десантынын конушу;
  • душмандын аба чабуулунун каражаттарынын соккусунан аскерлерди жабуу (коргоо);
  • согуш аракеттеринин жүрүшүндө пайда болгон кесепеттерди жоюу.

Машыгуулардын жүрүшүндө учкучсуз авиацияны колдонууга жана ага каршы турууга, ошондой эле радиоэлектрондук күрөш жана ок атуу каражаттарын биргелешип колдонууга өзгөчө көңүл бурулду.

"Эдельвейс" полигонундагы машыгуулардын өзгөчөлүгү КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн жана каражаттарын жана көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) абадан коргонуунун бириккен тутумунун бөлүнгөн курамын тартуу болуп саналат. ЖККУ ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрүнүн бөлүмдөрүнүн активдүү жана координацияланган иш-аракеттеринин аркасында душман жок кылынып, мамлекеттик чек ара калыбына келтирилди.

ЖККУ ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрүнүн машыгуунун активдүү фазасынын алкагында төмөнкү маселелер иштелип чыкты:

  • ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрүнүн кошуундары менен согуштук жана атайын аракеттерди жүргүзүү;
  • душмандын талкаланышын аяктоо үчүн тактикалык аба (деңиз) десантынын конушу;
  • душмандын аба чабуулунун каражаттарынын соккусунан аскерлерди жабуу (коргоо);
  • согуш аракеттеринин жүрүшүндө пайда болгон кесепеттерди жоюу.

Машыгуулардын жүрүшүндө учкучсуз авиацияны колдонууга жана ага каршы турууга, ошондой эле радиоэлектрондук күрөш жана ок атуу каражаттарын биргелешип колдонууга өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий