• 89.43
  • 97.22
  • 0.97

Жол эрежесин одоно бузгандарга карата айып пулдун көбөйүшү, же анын таасири кандай болот?

Аналитика 0

Кыргызстанда жол эрежесин бузуу жолдогу коопсуздук жаатындагы эң көп кездешкен көйгөйлөрдүн бири. Ички иштер министрлиги жыл сайын балдар жана чоңдордун өлүмү менен коштолгон кырсыктар боюнча кейиштүү статистиканы берет.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ушул жылдын февралында жол эрежесин одоно бузгандар үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратууга чейинки жазаны бир кыйла катаалдаткан мыйзамга кол койду.

"Ким болбосун жол эрежесин бузбай айдаш керек. Элдин баары ошого көнүшү зарыл. Бул мен үчүн же Акылбек Жапаров (ред.: министрлер кабинетинин төрагасы) үчүн эмес, өздөрү үчүн да. "Акылбек Жапаров бюджетти толтурам деп айыптарды көтөрүп жатат" деген сөздөрдү окуп калып жатам. Айып пул менен бюджет толбойт. Бюджет салык менен бажыдан толот. Бул айып пулдар биздин бюджет үчүн деңиздин бир тамчысы сыяктуу эле. Кеп анда эмес.

Кеп башкада болуп жатат. Жыл сайын авариядан каза болгон жана майып болуп калган жарандарыбыздын саны көбөйүп баратат. Жаш балдарыбыз каза болуп кетип жатат. Каза болгондордун санын уксаңар согушта дагы мынча каза таппайт, - деди Садыр Жапаров биздин агенттикке маек берип жатып.

Ошондой эле президент статистикага көңүл бурган, ага ылайык, 2020-жылы 6 миң 126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болуп, 9 миң 227 адам майып болуп калган. Ал эми 2021-жылы 7 миң 438 жол кырсыгы катталып, 869 адам каза болуп, 11 миң 370 адам майып болуптур. Өткөн жылы болсо 7 миң 40 жол кырсыгы катталып, 690 адам каза болуп, 11 миң 49 адам майып болуп калган.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстандын жолдорундагы кырсыктардын саны жыл сайын көбөйүүдө: 2018-жылы - 5995, 2019-жылы - 6663, 2020-жылы - 6126, 2021-жылы - 7437. Башкача айтканда, жыл сайын миңдеген жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен адамдар өлүп, ири материалдык зыян келтирилет. Бул ушул жаатта чара көрүүнүн негизги зарылдыгы болуп калды.

Жол кыймылынын эрежесин одоно бузууда салынган айыппул кандай өзгөрдү:

Жол эрежесин одоно бузгандар үчүн айып пулдар кандай өзгөрдү:
- Унааны айдоочулук күбөлүгү жок айдоо үчүн айып пул мурда 5 500 сом болсо, эми 15 000 сомду түздү;
- Жол чырагынын кызыл белгисинен өткөн учурда же тротуар менен жүрүүдөгү үчүн айыппул мурда 3000 сом болсо, эми 5000 сомду түздү;
- Ылдамдыкты 40-60 километр сааттан ашырган учурдагы айып пул мурда 5 500 сом болсо, эми ал 7 500 сомду түздү;
- 60 км/сааттан ашырган учурдагы айып пул мурда 7 500 сомду түзсө, эми 15 000 сомду түздү;
- Каршы тилкеге чыгууда мурдагы айыппул 5 500 сом болсо, эми 15 000 сомду түздү;.
- Автобейбаштык кылгандар үчүн мурдагы айыппул 7 500 сомду түзсө, эми 15 000 сомду түздү, ал эми экинчи ирет мыйзам бузуу учурунда 6 айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу каралган;
- Унааны жалган номер менен башкарууда мурдагы айып пул 15 000 сомду түзсө, эми ал 20 000 сомду түздү, ал эми кинчи ирет мыйзам бузуу болгон учурда бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу каралган.

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда жол кырсыктарынын негизги себептеринин бири - ылдамдыкты чектен ашыра айдоо экенин билдирет. Тилекке каршы, мыйзам бузуунун бул түрү Кыргызстанда көп кездешет. Көптөгөн айдоочулар муну оор кылмыш деп эсептешпейт, бул акыры кайгылуу кесепеттерге алып келет.

Жолдордо ылдамдыкты жогорулатуу айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөр үчүн оор кесепеттерге алып келүүчү жол эрежесин бузуулардын бири болуп саналат. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылы жол кырсыктарынын 30%дан ашыгы, анын ичинде каза болгондордун 10%дан ашыгы катуу ылдамдыктан улам болгон. Бул учурдагы айыптарга жана жазаларга карабастан, көптөгөн айдоочулар жол эрежесин жол эрежесин бузууну улантып, ылдамдыктын чегинен ашыра айдап жатканынанкабар берет, анткени алар айыппулдун суммасы аз экенин жана оңой эле кутуларын билишет.

Буга байланыштуу айып пулдарды бир топ жогорулатуу жана жолдордун өзгөчө кооптуу тилкелерине ылдамдыкты көзөмөлдөөчү камераларды орнотуу сыяктуу кошумча чараларды көрүү зарылчылыгы келип чыкты.

Ошондой эле келечектеги айдоочуларды даярдоонун сапатына көңүл буруу зарыл. Айдоочулар жолдо өзүн туура алып жүрүүнү, жол кырсыктарынан жана жол эрежесин бузуудан кантип сактануу керектигин билиши үчүн жолдордогу реалдуу кырдаалдардын негизинде сапаттуу окууларды өткөрүү зарыл. Адамдар мас абалында унаа айдоо менен байланышкан тобокелдиктерди, жол эрежесин бузуудан качуу үчүн кандай чараларды көрүүгө болорун жана жол эрежесин бузган учурда кандай кесепеттерге алып келерин билиши керек.

Ал эми эксперттер айыппулдарды жогорулатуу менен гана көйгөй чечилбейт деп эептешет. Алар мас абалында унаа башкарууда жазаны күчөтүү, анын ичинде айдоо укугунан ажыратуу жана каммакка алуу сыяктуу кошумча чараларды көрүү зарыл дешет.

Ошентип, Кыргызстанда жол эрежесин бузууга каршы күрөшүү мамлекеттик органдардын, коомчулуктун жана айдоочулардын комплекстүү мамилесин жана биргелешкен аракетин талап кылат. Жол эрежесин одоно бузгандар үчүн айып пулдун көлөмүн көбөйтүү бул багытта бир гана кадам болсо да, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коомдук транспортту жакшыртуу, болочок айдоочуларды сапаттуу окутуу жана жол шарттарын жакшыртуу зарыл. Ошондо гана жол кырсыктарына каршы күрөштө олуттуу натыйжаларга жетишүүгө мүмкүн жана бардык жол кыймылынын катышуучуларынын жолдогу коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстандын ар бир жараны жол эрежесин сактоодо өзүнүн жоопкерчилигин түшүнүшү керек. Жолдо этият болуу, ылдамдыкты сактоо, жөө жүргүнчүлөргө жана башка жол кыймылынын катышуучуларына жол берүү зарыл. Мамлекеттик органдар жана коомчулук менен биргеликте гана жолдорубузду коопсуз кылып, жол кырсыктарынын кайгылуу кесепеттерин алдын ала алабыз.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий