• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда ЖОЖдор келишим менен окутуунун баасын жогорулата алат

Коом 0

Бишкек, 13.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда жогорку окуу жайларга акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарына тарифтерди көтөрүүгө тыюу салуу алынды.

"Токтом" порталындагы маалыматка караганда, мамлекеттик жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын экономикалык негиздерин жакшыртуу, алардын кызматкерлерин социалдык жактан колдоо максатында КР президентинин жарлыгы менен мурда Кыргызстандын жогорку жана орто кесиптик билим берүү мамлекеттик уюмдарында акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарынын тарифтерин жогорулатууга тыюу салуу алынды.

Жарлык расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий