Кыргызстанда ЖОЖдордун алдыңкы бештиги аныкталды. Тизме

Билим 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын билим берүү сапатынын рейтингинин жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында EdNet билим берүү сапатын камсыздоо агенттигинин президенти Оңолкан Уманкулова билдирди.

Анын айтымында, ЖОЖдордун биринчи улуттук рейтингинин алкагында 2023-жылдын октябрынан 2024-жылдын май айына чейин EdNet агенттиги өлкөдөгү 1 миңден ашык окутуучу жана 500 иш берүүчүнүн арасында сурамжылоо жүргүзүп, Кыргызстандын 55 университетине баа берген.

“Рейтингдин жыйынтыгы абитуриенттерге, мугалимдерге жана университеттин өнөктөштөрүнө, анын ичинде чет элдиктерге өлкөнүн университеттеринин мүмкүнчүлүктөрүн баалоого жардам берет”, - деди ал.

EdNet билим берүү сапатын камсыздоо агенттигинин жалпы рейтингинде алдыңкы бештикке кирген университеттердин тизмеси төмөндөгүдөй:

1-орун - И.Ахунбаев атындагы КММАсы;
2-орун - “Ала-Тоо” эл аралык университети;
3-орун - И.Раззаков атындагы КМТУ;
4-орун - Ош мамлекеттик университети;
5-орун - Б.Ельцин атындагы КРСУ.

Пикир

Оставить комментарий