• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда жыл аягына чейин 14 бала бакчанын курулушу жыйынтыкталат

Өкмөт 0

Бишкек, 19.10.22. /Кабар/. Быйыл мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде кошумча 4000 орун түзүүгө жетиштик. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

«Учурда республикалык бюджеттин эсебинен 55 бала бакча курулуп жатат, жыл аягына чейин 14 бала бакчанын курулушу жыйынтыкталат. Акыркы 10 жылда өлкөдө 24 бала бакча курулса, акыркы 2 жылда биз 26 бала бакча курууга жетиштик», - деди ал

Пикир

Оставить комментарий