• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстанда жыл аягына чейин 250 миң жумуш ордун түзүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин тапшырмасы менен Кыргызстанда жыл аягына чейин 250 миң жумуш ордун түзүү пландалууда. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова аймактык жана ведомстволук бөлүмдөр менен өткөрүлгөн жалпы республикалык жыйында айтты.

Полотованын айтымында, анын ичинен 39 миңи Эмгек министрлигинин линиясы аркылуу түзүлөт.

"Жумушсуз жарандарга жумушка орношууга жардам берүү үчүн 1899 "ишеним телефону" иштей баштады, анда ар бир адам өлкө, облус, өз району боюнча бош жумуш орундар жөнүндө биле алат.

Курулуш, тигүү жана башка тармактарда квалификациялуу жумушчу күчүнө болгон муктаждыкты билүү менен мектеп окуучулары жана жаштар боюнча кесипке багыт берүү ишин күчөтүү, жумуш издегендерди кесиптик окутууга, квалификациясын жогорулатууга активдүү багыттоо маанилүү", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий