• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Кыргызстанда жыл башынан бери 10 машина-трактордук станция түзүлдү

Экономика 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери 10 машина-трактордук станция түзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Министрлик тарабынан Айыл чарбаны кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментине жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары менен биргеликте ар бир райондо уюшулуп, иштеп жаткан жана 2024-жылы жана кийинки жылдары уюшула тарган МТСтердин санын тактоо тапшырылган.

Такталып алынган маалыматтар боюнча 2024-жылы республиканын аймактарында 10 агротехникалык механизациялык кызмат көрсөтүүчү ишканасы уюшулган. Анын 2 муниципалдык жана 8 жеке менчик. МТС уюштуруу боюнча чечим кабыл алынгандан бери жалпысынан 152 МТС уюшулган. Анын ичинен:

  • 55 муниципалдык;
  • 97 жеке менчик.

Алардын карамагында 3000 ашык ар түрдүү үлгүдөгү айыл чарба техникалары бар. Мындан сырткары, 2024-жылдын аягына чейин республиканын аймактарында 20 МТС уюштуруу болжолдонууда.

Белгилей кетсек, КР өкмөтүнүн 2016-жылдагы "Республиканын аймактарында агротехникалык механизациялык кызматын көрсөтүүчү ишканаларды (МТС) түзүү жөнүндө" буйругун аткаруу максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, райондук мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен бирдикте ар бир райондо 2016-2020 жана кийинки жылдары түзүлө турган машина-трактордук станцияларды уюштуруу планын иштеп чыккан.

Пикир

Оставить комментарий