• 87
  • 90.59
  • 0.87

Кыргызстанда жыл башынан бери 14 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук учуру катталды

Коом 0

Бишкек, 25.11.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери аялдарга карата 14 миң 293 зордук-зомбулук учуру катталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулукту коргоо боюнча чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Окоева билдирди.

Анын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендердин дээрлик 90%дан ашыгы аялдар болууда. Буга байланыштуу зордук-зомбулукту алдын алуу максатында 16 күндүк өнөктүк башталды.

"Кыргызстанда жыл башынан бери аялдарга карата 14 миң 293 зордук зомбулук учуру катталды. Бул аялдардын укук коргоо органдарына кайрылып катталган гана учурлары. Кайрылбаган аялдардын санын кошсок, 3-4 эсе көп чыгыт. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендердин дээрлик 90%дан ашыгы аялдар болууда. Буга байланыштуу зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында 16 күндүк өнөктүк башталды. Кампания бүгүндөн тарта, 10-декабрга чейин өтөт. Бул мамлекет тарабынан да колдоого алынат. Кампанияга өнөктөштөрдүн колдоосу менен өтөт. Анын негизги максаты — коомдун үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка каршы аракеттерин жогорулатуу, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чаралар аркылуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруу", — деди ал.

Белгилей кетсек, 25-ноябрь – Аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү.

Пикир

Оставить комментарий