• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстанда жыл башынан бери 15 жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

Коом 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкө аймагында курулушу жүрүп жаткан жана пайдаланууга берилген көпүрөлөр тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, 2024-жылы республиканын аймагында 23 көпүрө куруу пландалган. Анын ичинен 15и колдонууга берилди. Алсак:

  • Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 63-чакырымындагы “Абшыр-Сай” көпүрөсү, 43-чакырымында жайгашкан “Чили-Сай” жана 29-чакырымындагы Кыркол – Сай көпүрөлөрү толугу менен жаңыдан курулуп бүткөрүлдү;
  • Кочкор – Коммунизм унаа жолунундагы Чу дарыясынан өтүүчү узуну 54 метрди түзгөн көпүрөнүн курулушу аяктады;
  • Чүй облусунун Заречное айылындагы Аламүдүн – Арашан – Кой-Таш унаа жолундагы көпүрө пайдаланууга берилди;
  • Москва районундагы №16 түзөтүү колониясынын аймагындагы көпүрө курулуп бүттү;
  • Ак-Суу районунун Теплоключенко айылындагы көпүрөнүн курулушу аяктады. Аталган көпүрө селден улам жараксыз абалга кептелген. Анын узундугу 31 метрди түзүп, эки тилкелүү болуп салынды;
  • Жалал-Абад облусуна караштуу Барпы – Ийри-Суу – Өзгөн унаа жолундагы көпүрө пайдаланууга берилди;
  • Боспиек – Жергетал – Капчыгай көпүрөсүнүн курулуш иштери 100% аяктады;
  • Сузак районундагы Жалал-Абад – Благовещенко унаа жолунун 1-чакырымында жайгашып, Көк-Арт дарыясынан өткөн көпүрө колдонууга берилди;
  • Баткен облусунун Халмион айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Дөбө айылындагы көпүрөнүн курулуш иштери аяктады;
  • Топ-Жаңгак – Кара-Суу автожолунда жайгашкан көпүрөнүн курулуш аяктады;
  • Ак-Терек – Папан – Кожокелең унаа жолундагы көпүрө пайдаланууга берилди;
  • Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак – Арал – Жийде унаа жолунунун 7-чакырымына көпүрө салынды;
  • Кайтпас – Өтүкчү унаа жолунун 24,7 чакырымында орун алган көпүрөнү ондоо иштери аяктады;
  • Сох – Кан – Зардалы жолундагы көпүрөнүн курулушу аяктады.

Ошондой эле эл аралык маанидеги Талас – Тараз – Суусамыр унаа жолунун 133-чакырымындагы (Үрмарал дарыясы) жаңы көпүрөнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Узундугу 90,5 метр, туурасы 14,8 метрди түзгөн көпүрөнүн жана ага барчу жолдордун курулушу "Талас-Тараз унаа жолундагы Үрмарал дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо" долбоорунун алкагында ишке ашырылып, каражат JICA тарабынан грант түрүндө берилген.

Учурда курулуш иштери уланып жаткан көпүрөлөр:

  • Ак-Суу дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн курулушу 80% пайыз аяктап калды;
  • Рахманжан – Кара-Булак унаа жолунун 7-чакырымында көпүрө салынып жатат;
  • Катраңкы – Кара-Алманын 1,5 чакырымында көпүрө курулууда;
  • Нарын – Баетов унаа жолунун 33-38-чакырымындагы көпүрөнүн курулушу уланууда;
  • Дмитриевка – Кара-Алма автоунаа жолунда көпүрө курулууда;
  • Кара-Жыгач – Сары-Челек унаа жолунун 3,8 чакырымында көпүрө куруу иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий