• 87
  • 90.43
  • 0.88

Кыргызстанда жыл башынан бери 2,7 миң өрт катталып, 34 адам каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 26.12.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери 2 миң 732 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгымдын көлөмү 688 млн 410 миң сомду түздү. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, тилсиз жоонун кесепетинен 34 адам каза таап, 22 адам жабыркаган.

“Өрт кырсыктары биринчиден белгиленген эрежелерди сактабагындыктан келип чыгат. Ошол эле үйлөрдү туура курбагандыктан орун алган. Мисалы, пластикалык терезелерди, эшиктерди коюп жатышат, алар күйгөндө аларды өчүрүү кыйынга турат. Ошондой эле пластиктен жасалган эшик, терезелер күйгөндө чыккан жыттан адам ууланат. Өрт кырсыгында адам биринчи кезекте жыттан ууланып жабыркайт. Ошондуктан үйлөрдү курганда дагы, бизден бир аз кеңеш алышса дейм”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий