• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда жыл башынан бери 924 айыл чарба техникасы лизингге берилди

Экономика 0

Бишкек, 09.09.2024. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери 3,1 млрд сомго 924 айыл чарба техникасы берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлик жыл аягына чейин дагы 4,5 млрд сомго 1,2 миңден ашык айыл чарба техникаларын лизингге берүүнү пландоодо.

Белгилей кетсек, дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен КР министрлер кабинетинин колдоосунун негизинде 7 лизинг долбоору түзүлүп, айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингге берилип келет. Техникалар лизингге "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ачык акционердик коомдору аркылуу берилет.

Банктар аркылуу дыйкандарга айыл чарба техникаларынын бардык түрлөрү, кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулары жеңилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6% менен 7 жылдык мөөнөткө лизингге берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий