• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда жыл башынан бери ИДПнын көлөмү 798 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. 2024-жылдын январь-август айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча, 798 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Бишкектеги брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын айтымында, көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,6%га өскөн.

"2024-жылдын январь-августунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 330 млрд сомдон ашыкты түзүп, 2023-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 0,7%га өскөн. Мындай көрсөткүч тазаланган мунай продуктыларынын 1,7 эсеге, жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык ишмердүүлүктүн 36,3%га, тамак-аш продуктыларынын жана тамеки каражаттарынын 19,6%га, фармацквтикалык продукциянын 17,9%га, резина, пластмасса каражаттарынын жана курулуш материалдарынын 10,1%га, андан тышкары тесктил жана кийим өндүрүшүнүн 8,1%га өсүүсү менен шартталды", - деди ал.

Шокенов кошумчалагандай, курулушта оң тенденциялар байкалып, көлөмдүн өсүшү 39,2%ды, дүң жана чекене соодада 6,2%ды, ошондой эле айыл чарбасында 7,3%ды түздү.

Пикир

Оставить комментарий