• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда жыл башынан бери кызамыктын 5,5 миң учуру катталды

Ден соолук 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын башынан бери өлкөдө кызамыктын 5 миң 532 учуру катталды.

Кызамыктын эң көп учуру Бишкек шаарында (1 637), Чүй облусунда (778) жана Жалал-Абад облусунда (1 591) катталган.

Башка аймактар боюнча алып караганда:

  • Ош шаарында – 377;
  • Ош облусунда – 781;
  • Баткен облусунда – 116;
  • Талас облусунда – 101;
  • Ысык-Көл облусунда – 83;
  • Нарын облусунда – 68 учур катталды.

Кызамык менен ооругандарды жаш курагына карап бөлүштүргөн талдоо балдар арасында вирус күч алып жатканын көрсөттү.

Алсак:

  • 1 жашка чыга электер — 1 461 учур (26,4%);
  • 1 жаштан 4 жашка чейинкилер — 2 421 учур (43,7%);
  • 5 жаштан 9 жашка чейинкилер — 992 учур (17,9%);
  • 10 жаштан 14 жашка чейинкилер — 222 учур (4,0%);
  • 15 жаштан 19 жашка чейинкилер — 52 учур (0,9%);
  • 20 жаштан 29 жашка чейинкилер — 228 учур (4,1%);
  • 30 жаштан жогору адамдар арасында 156 учур катталды.

Эмдөө статусу боюнча алып караганда, оорулуулардын 87,3% же 4 832 бейтап – вакцина албагандар. 1 453 учурда бала жаш курагынан улам эмделбей калган (26,2%), 2195 баланын ата-энеси вакцинадан баш тарткан (39,6%), 177 учурга ички миграция себеп болсо (3,1%), 532 учурда медициналык көрсөтмөлөрдөн улам (9,6%) вакцина алган эмес. Ал эми 397 учурда (7,1%) эмдөө статусу белгисиз.

"Кызамык вирусу өзгөчө Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Чүй облустарында жайылып жатат, мында вирус уюштурулган жамааттарда эмделбеген балдардын арасында жугууда. Башка облустарда да оору жайылып жатканы байкалууда", - деп айтылат маалыматта.

Кызамык оорусун токтотуп калуу максатында кызамыкка жана кызылчага каршы “кууп жетүү” багытында эмдөө иштери жүрүп жатат. Иммунизациялоо кызамыкка-паротиттик кызылчага каршы вакцина менен пландуу эмдөөнүн алкагында жүргүзүлүүдө. Уюшкан жамааттардагы балдар арасында кызамык оорусунун көбөйүшүнө байланыштуу кызамык аныкталганда 72 сааттын ичинде бардык курактагы байланышта болгон адамдар чукул эмдөө алышат.

Дарыгерлер кызамык өтүшүп кетсе, кесепеттери өтө оор болорун эскертишти. Вирус жукту деген шектенүү пайда болоор замат туура диагноз койдуруп, жакшы дарылануу үчүн чукул арада дарыгерге кайрылыш керек. Дарыгерди үйгө чакыруу сунушталат. Эгерде дене табыңыз өтө жогору болсо, тез жардам кызматын чакырганыңыз оң.

Ооруп калган балаңызды бала бакчага же мектепке жиберүүгө болбойт. Эл көп катышкан иш-чараларга, тойлорго, концерттерге, спорттук мелдештерге барууга да тыюу салынат. Ооруган адамдар жумушка чыкпашы керек.

Кызамыктын алдын алуунун эң натыйжалуу жолу – эмдөө. Балдарды коргоңуз, аларга 12 айга толгондо (КПК) жана 6 жашка чыкканда (КПК ревакцинациясы) вакцина алышын, ошондой эле 9 айдан 7 жашка чейин чейин кошумча эмдөө дозасын (ККВ) алышын камсыз кылыңыз. Вакцинаны акысыз ҮМБда/ҮДТда/ФАПта аласыз.

Пикир

Оставить комментарий