• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда жыл башынан бери мүлк салыгынан 2,1 млрд сом чогулду

Экономика 0

Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери мүлк салыгынан 2,1 млрд сом чогулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Анын ичинде кыймылдуу мүлк салыгы боюнча 349 млн сом салык чогултулган, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31,2 млн сомго көп.

Кыймылсыз мүлк боюнча салыктын суммасы 952,3 млн сомду түздү. Салыктын бул түрү боюнча өткөн жылга салыштырмалуу 76,4 млн сомго көп чогултулган.

Мындан сырткары, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык боюнча түшүүлөр 793,6 млн сомду түздү, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 108,08 млн сомго көп.

Эскерте кетсек, 1-сентябрда транспорт каражатына, турак-жай мүлкүнө жана үй жанындагы, короо-жай алдындагы жана бак-чарба жер тилкелерине салык төлөө мөөнөтү аяктайт.

Салыкты өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндөгү айып салынат. Мындан сырткары, ар бир кечиктирилген күн үчүн карыздын суммасына 0,09% өлчөмүндө туум кошулат.

Белгилей кетсек, салыктарды салык органына барбастан, каалаган банктын кассалары, почта бөлүмдөрү, төлөм жана POS терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг, төлөм карталары жана башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу онлайн төлөөгө болот.

Буга чейин салык кызматы процессти жөнөкөйлөтүү үчүн "Салык төлөөчүнүн кабинети" жана "Salyk.kg" мобилдик тиркемеси аркылуу мүлк салыгын төлөө боюнча сервистерди ишке киргизген.

Эми салык төлөөчүлөр бир нече баскычтарды басуу менен салыктын суммасын автоматтык түрдө эсептеп, төлөм кодун ар кандай мобилдик банк тиркемелери, банк кассалары жана төлөм терминалдары аркылуу төлөө үчүн колдонула турган QR-код же сандар түрүндө ала алышат.

Пикир

Оставить комментарий