• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда жыл башынан бери өзгөчө кырдаалдардан жана өрттөн 27 адам каза болду – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 23.05.19 /Кабар/. Кыргызстанда 2019-жылдын башынан бери 7 өзгөчө кырдаал катталып, анда 5 адам каза болгон. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов билдирди.

Анын айтуусунда, өзгөчө кырдаалдардан келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 6,5 млн. сомду түзгөн.

"Өзгөчө кырдаалдардын саны жана келтирилген чыгымдын суммасы кыйла азайгандыгын айтып кетүү керек. Андан тышкары, жыл башынан бери өлкө боюнча 1 миң 111ге жакын өрт катталып, андан 22 жаран каза болуп, 82 адам куткарылган. Өрттүн кесепетинен 111 млн. сом чыгым келтирилген. Былтыркы жылга салыштырмалуу өрт 18,3% азайган, чыгымдар - 75 пайызга", - деп билдирди ал.

Анын билдирүүсүнө ылайык, ведомстводо 5 миң куткаруучу иштейт. "Айрым багыттар боюнча штаттык бирдик көбөйсө жакшы болор эле. Бирок азыр штатты кеңейтүүгө мораторий бар", - деп билдирди статс-катчы.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, ӨКМдин техникасы эскирген. "ӨКМде 246 өрт өчүрүүчү унаа бар, анын 70% эскирген. Биздин кызматкерлер аны колдон келишинче оңдоп, иштетип келе жатышат. Андан тышкары, ведомстводо иштебей турган 1 тик учак бар, аны оңдоо үчүн 3 млн. сомго жакын каражат керек. Мындай тик учактарды Казакстан менен Россияда оңдошот", - деп кошумчалады Мамбетов.

Пикир

Оставить комментарий