• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда жыл башынан тарта 1,2 миңден ашуун өрт кырсыгы катталган – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан тарта 1 миң 239 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кырсыктын кесепетинен 24 адам каза болуп, келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү 358 млн 150 миң сомду түздү.

“Ошондой эле өрт учурунда 10,3 млрд сомдук мүлк сакталып калган”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, быйыл өрт кырсыгы былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29 пайызга азайган.

Пикир

Оставить комментарий