Кыргызстанда жылуулукка жана ысык сууга тарифтер канчага көтөрүлдү? Жооп

Экономика 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. 2024-жылдын 1-июнунан тарта калк үчүн жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого болгон жаңы тарифтер киргизилди

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, калк үчүн жылуулук энергиясын колдонууда ай сайын керектөөнүн социалдык ченеми менен төлөм жүргүзүлөт.

Тактап айтканда, жалпы аянты 80 чарчы метрге чейинки батирде жашагандар 1 Гкал үчүн 1 560 сомдон төлөм жүргүзөт. Эгерде батирдин жалпы аянты 80 чарчы метрден ашса, ар бир чарчы метрге жылуулук энергиясынын өздүк наркынын деңгээлиндеги тариф менен төлөнөт.

Жылуулук энергиясынын өздүк наркы жылуулук менен камсыздоочу уюм тарабынан коюлган төлөө эсептеринде өзүнчө сап менен көрсөтүлөт.

Буга чейин калк ысык суу менен камсыздоодо 1 Гкал үчүн 1 120 сом төлөп келсе, өзгөртүүлөрдөн кийин 1 Гкал үчүн 1 560 сом төлөм жүргүзөт.

Ведомстводон белгилешкендей, 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоо боюнча Орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын негизги максаты - энергетика секторунун ишинин негизги көрсөткүчтөрүн жакшыртуу, энергетика секторуна өзүн-өзү актоо, тариф түзүүгө карата адилеттүү мамиле кылуу, мамлекеттик бюджеттен субсидиялардын өлчөмдөрүн төмөндөтүү, ошондой эле керектөөчүлөрдүн ар кандай категорияларынын ортосунда кайчылаш субсидиялоонун көлөмүн азайтуу болуп саналат.

Жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого болгон тарифтер төмөндө көрсөтүлөт:

Пикир

Оставить комментарий