• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстанда жырылуу кооптуулугу бар тоо көлдөрүнө мониторинг жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 30.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда жырылуу кооптуулугу бар тоо көлдөрүнө мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон билдиришкендей, изилдөө иштери Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери тарабынанжыл сайын 20-июлдан 15-августка чейин жүргүзүлүп келет.

Адистер тарабынан алгач космостук сүрөттөр, аралыктан зонддоо жана Кыргызгидромет кызматынын гидрометеорологиялык маалыматтары да талданып, анализденип көлдөргө баа берилет.

Андан соң калктуу конуштарга жана инфраструктурага зыян келтирүү коркунучу бар эң кооптуу көлдөр тандалып, бул көлдөрдө дрон аппараттарынын жардамы менен жер үстүндөгү изилдөө жүргүзүлүп, негизги параметрлери өлчөнөт.

Алсак, көлдүн тереңдиги, суунун температурасы, көлөмү изилденет. Көлдүн көлөмүн баалаган адистер адистештирилген атайын программалардын жардамы менен көлдүн жырылуу мүмкүндүгүн анализдешет. Кырсык болушу мүмкүн болгон аймакты баалап, ал жерде ӨКМдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Бийик тоолуу көлдөрдө табигый тосмолордун туруксуздугун шарттаган негизги факторлор бар.

Алсак, мөңгүлөрдүн интенсивдүү ээриши, агын суулардын ачылышы (жабылышы), абанын, суунун нормалдуу эмес жогорку температурасы жана анын натыйжасында мөңгү ичиндеги агын каналдардын ачылышы, мөңгүлөрдүн агымынын көбөйүшү, жылуу жамгырдын жаашы жана нөлдү көрсөткөн изотерма себеп болот.

Баса белгилей кетсек, июль айынын акыркы он күндүгүндө күтүлүп жаткан температуранын жогорулашын эске алып, I, II деңгээлдеги кооптуу категориядагы бардык көлдөргө туруктуу спутниктик мониторинг жүргүзүлдү.

Ал эми жумушчу топтордун изилдөөлөрүнүн, жер үстүндөгү мониторингдөө маалыматтарынын, анализдердин негизинде аныкталган тоо көлдөрүнүн жарылуусу сел каптоолорго алып келген эмес.

Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жырылуу коркунучу бар көлдөргө мониторинг жүргүзүү иштери август айынын үчүнчү он күндүгүнө чейин улантылат.

Пикир

Оставить комментарий