• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кыргызстандагы чет өлкөлүк студенттер ММК полисин сатып алууга милдеттүү

Коом 0

Бишкек, 25.02.23. /Кабар/. Кыргызстанда окуган бардык чет элдик студенттер милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алууга милдеттүү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ММК фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда жүргөн чет элдиктер эки категорияга бөлүндү: сөзсүз түрдө полисти сатып алууга милдеттүү болгон студенттер жана Кыргыз Республикасында убактылуу же туруктуу жүргөн башка чет элдик жарандар.

"Учурда Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Кыргызстан визасыз режимде көптөгөн өлкөлөргө ачык. Кыргызстанда 30 күндөн ашык жүргөн чет элдиктер полисти сатып алышы керек деп болжолдонууда. Бирок бул маселе дагы эле иштелип чыгууда", — деди Клара Өскөмбаева.

Эске салсак, чет өлкөлүк жарандар үчүн ММК полиси 12 ай үчүн 16 миң 391 сом же 6 ай үчүн 8 миң 196 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий