• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстандагы CASA-1000 долбоору аркылуу 1243 электр тирөөч курулат

Коом 0

Бишкек, 30.12.22. /Кабар/. Кыргызстандагы CASA-1000 долбоору аркылуу 1243 электр тирөөч курулат. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр такрмактары” ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында зым тартуу иштери жүрүп жатат. Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары аркылуу өткөн ЖЧ-500 кВнын узундугу 456 чакырымды түзөт.

Бүгүнкү күндө төмөндөгү курулуш иштери жүргүзүлдү: 1217 (97,9%) тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдор курулду, 1217 (97,9%) тирөөчтүн чуңкурлары казылды, 1202 (96,7%) тирөөчтөр арматураланды жана бетондолду, 969 (78%) тирөөч орнотулду, зымдарды тартуу - 83,9 км (18,4%). Курула турган электр тирөөчтөрдүн жалпы саны 1243.

Андан сырткары, Жалал-Абад облусунда CASA-1000 долбоорунун алкагында «Датка» көмөк чордонундагы 500 кВ көмөкчү чордонун куруу иштери жүрүп жатат.

Аталган үч облуста инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн адистерди мобилизациялоого 6 курулуш базасы курулду.

Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталып, эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.

Пикир

Оставить комментарий