Кыргызстандагы элдердин ортосундагы достукту өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн мамсыйлыктар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 24.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Кыргызстан элинин ассамблеясынын 10-жыйынында мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Кыргыз Республикасындагы элдердин ортосундагы достукту, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн, ошондой эле Кыргызстан элинин ассамблеясынын 30 жылдыгын майрамдоого байланыштуу:

“Достук” ордени менен:

Асылбаева Гюльшат Кадыровна – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы, Кыргызстан элинин ассамблеясынын “Кыргызстан казактарынын ассоциациясы” коомдук бирикмесинин ардактуу төрагасы;

Дурсунов Атамша Латифович – Кыргызстан элинин ассамблеясынын Кыргыз Республикасынын түрк диаспорасынын “Ахыска” коомдук бирикмесинин төрагасы;

Сабиров Равшанбек Азатович – Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасынын орун басары, Кыргызстан элинин ассамблеясынын Кыргыз Республикасынын тажиктеринин Рудаки атындагы коомдук бирикмесинин президенти;

“Даңк” медалы менен

Степанюк Александр Владимирович – Кыргызстан элинин ассамблеясынын текшерүү комиссиясынын төрагасы, Кыргызстан элинин ассамблеясынын “Гармония” орус маданий борбору” Кыргыз Республикасынын коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү, экс-төрагасы;

“Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардак наамы:

Ахмедов Бегижан Махмудовичке – коомдук ишмер, жазуучу, Өзбек улуттук маданий борборунун төрагасынын орун басары;

Шидакова Зухра Хажымухамутовнага – Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасынын орун басары, Кыргызстан элинин ассамблеясынын “Ата-Джурт” эл аралык карачайлар ассоциациясы” коомдук бирикмесинин президенти;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

Кузьменко Сергей Иванович – Кыргызстан элинин ассамблеясынын “Берегиня” Кыргыз Республикасынын украиналык коому” коомдук бирикмесинин кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары;

Муратов Равиль Рустамович – Кыргызстан элинин ассамблеясынын “Туган Тел” татар-башкыр маданий борбору” коомдук бирикмесинин мүчөсү, “ПромВентиляция” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;

Наумова Мария Анатольевна – “Билимкана” коомдук фондунун “Билимкана эл аралык мектеби” филиалынын кыргыздын улуттук аспаптары жана кыргыз маданияты боюнча педагогу;

Ташматова Лариса Тодоровна – Кыргызстан элинин ассамблеясынын “Възраждане” болгарлардын коомдук бирикмесинин төрагасы сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий