• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстандагы ички миграциянын себептери айтылды

Коом 0

Бишкек, 07.09.18. /Кабар/. Бишкекте ички миграция маселелерин талкуулоо боюнча өткөн жолугушууда Миграция кызматынын бөлүм башчысы Улан Шаршеев Кыргызстандагы ички миграциянын себептерин атады.

Анын айтымында, учурда ички миграция маселелери боюнча иликтөө жүрүүдө, КРнын аймагында ички миграциянын жүрүшүндө элдер кайсы жакка жер которуп жатышкандыктарына - агымдардын багытына көз салынып жатат.

“Аталган маселеге өлкөнүн жетекчилиги тарабынан чоң көңүл бурулуп жатат. Биз үчүн ички агымдардын алгачкы себептеринин пайда болушун билүү маанилүү болуп жатат. Иликтөөнүн жүрүшүндө себептердин бири инфраструктуранын, социалдык камсыздоонун жоктугу, аймактардагы жумушсуздуктун жогорку деңгээли экенин түшүндүк. Учурда биз ички миграциянын агымын кыскартуу жана аймактардагы жашоого бардык шарттарды түзүп берүү үчүн жер-жерлерде шарттарды камсыздоо боюнча бардык чараларды көрүп жатабыз”, - деди Шаршеев.

Пикир

Оставить комментарий