• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандагы медициналык уюмдар кыш мезгилине 75%га даяр

Коом 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Өлкөдөгү саламаттык сактоо уюмдары 75%га көмүр менен камсыздалды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин финансылык саясат башкармалыгынын жетекчиси Мухтарбек Баймурзаев билдирди.

Анын айтымында, 5192 медициналык объекттин 64 борбордук жылуулук чордондоруна туташтырылган. 3357 имарат электр энергиясы менен жылытылса, 1761 объектке көмүр колдонулат. 10 имаратты жылытуу системасы көгүлтүр отко өткөрүлгөн.

“Быйыл республикадагы саламаттык сактоо уюмдарына 17,5 миң тонна көмүр керектелет. Ал үчүн 62,8 миң сом сарпталмакчы. Азыркы учурда медициналык уюмдарга 10,5 тоннага жакын көмүр түшүрүлдү. Тагыраак айтканда 75%га отун менен камсыздалды”, - деди Мухтар Баймурзаев.

Пикир

Оставить комментарий