• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Кыргызстандагы мектептер жаңы окуу жылына даяр - Билим берүү министрлиги

Билим 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Кыргызстандагы 2292 мектеп жаңы окуу жылына даяр. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жай мезгилинде республикалык бюджеттин эсебинен бардык мектептерде пландуу оңдоо иштери аткарылды.

Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жаңы окуу жылынын башталышында билим берүү уюмдарынын имараттарында санитардык тазалоо иштери жүрүзүлөт.

Мындан сырткары, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги сентябрь айына 11 билим берүү объектисин пайдаланууга берүүнү пландап жатат.

Пикир

Оставить комментарий