Кыргызстандагы мектептердин баары апта аягына чейин онлайн окутууга өтөт

Билим 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Кыргызстандагы мектептердин баары 13нөн 15-декабрга чейин онлайн окутууга өтөт. Бул боюнча Билим берүү илим министрлигинин тиешелүү буйругу чыкты.

Ведомствонун маалыматына караганда, мындай чечим өлкөдөгү суук аба ырайын жана ата-энелердин өтүнүчтөрүн эске алуу менен, ошондой эле балдардын коопсуздугуна жол бербөө максатында кабыл алынды.

Бишкек, Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери төмөндөгүлөрдү аткарууга тийиш:

  • аралыктан билим берүү технологияларын, видео-сабактарды, электрондук ресурстарды жана платформаларды пайдалануу менен жалпы билим берүү уюмдарында билим берүү процессин онлайн форматта уюштуруу;
  • мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартын жана жалпы билим берүү программаларын базистик окуу пландарына ылайык толук көлөмдө ишке ашыруу;
  • температуралык талаптарга ылайык онлайн офлайн окуу процессин уюштуруу райондук шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө чечим кабыл алууну милдеттендирүү.

Эскерте кетсек, буга чейин министрлик 13-14-декабрь күндөрү өлкөдөгү мектептер онлайн окутууга өткөндүгүн кабарлаган болчу.

Пикир

Оставить комментарий