• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстандагы педагогикалык программалардын көз каранды эмес аккредитациясы боюнча вебинар өтөт

Коом 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 11-июнда саат 15:00дө Онлайн университетинин педагогика лабораториясы "Кыргызстандагы педагогикалык программалардын көз каранды эмес аккредитациясы боюнча окутуучулардын көз карашы" аттуу вебинар өткөрөт. Бул тууралуу аталган вебинардын уюштуруучулардын бири Элира Турдубаева билдирди.

Маалыматка ылайык, вебинарда Чынаркүл Рыскулова докторлук диссертациясынын изилдөө иши жөнүндө билдирүү жасайт. Бүгүнкү күндө ЖОЖдорду көз каранды эмес аккредитациядан өткөрүү жаңы талабы ишке кирген, аны бардык эле университеттердин окутуучулары туура кабыл албашы мүмкүн.

Окумуштуу Рыскулова изилдөөнүн максаттары, коюлган суроолору, жыйынтыктары жөнүндө пикири менен бөлүшөт.

Иш-чаранын алкагында аккредитацияны туура же туура эмес кабыл алууга таасирин тийгизген факторлор, аккредитация окутуучулардын ишине жана жашоосуна кандай өзгөрүүлөрдү алып келгендиги тууралуу сөз болмокчу. Ошондой эле вебинарда Кыргызстан менен АКШдагы аккредитациянын айырмачылыктарын салыштырууга көңүл бөлүнөт.

Вебинардын спикери Чынаркүл Рыскулова Борбордук Азиядагы Америка университетинин доценти, “Жалпы билим берүү программалары” багытынын жетекчилеринин бири, 2019-жылы Кент Стейт университетинде (АКШ) “Жогорку билим берүүнү башкаруу” адистиги боюнча “Кыргызстанда педагогикалык программалардын көз каранды эмес аккредитациясы боюнча окутуучулардын көз карашы” деген темада докторлук диссертациясын жактап, PhD даражасын алган. Ал 2019-жылы АКШдагы Кент Стейт Университетинде “Жогорку билим берүүнү башкаруу” адистиги боюнча PhD, илимий даражасын алган. Эл аралык илимий журналдарда сегиз макаласы жарыяланган. Эки китептин автору.

Белгилей кетсек, Онлайн университети учурда илим, билим жана маданият багытында Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө иштеп жаткан кыргыз окумуштуулардын вебинарларын, онлайн маектерин ЖОЖ жана мектеп мугалимдерине, жалпы эле кыргыз коомчулугуна байма-бай уюштуруп келе жатат. Онлайн университетинин курамын Кыргызстандын алдыңкы ЖОЖдорунун окутуучулары жана чет өлкөдө агартуучулук жаатында иштеп жаткан кыргыз окумуштуулары, адистери түзүшөт.

Пикир

Оставить комментарий