Кыргызстандагы жаштардын 97% абанын абалына тынчсызданат – сурамжылоо

Коом 0

Бишкек, 23.01.19 /Кабар/. Кыргызстандагы жаштардын 97% абанын абалына тынчсызданат. Бул тууралуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту кабарлады. Бул институт менен ЮНИСЕФ биргеликте ишке ашырып жаткан «М-Репорт» долбоорунун алкагында жаштардын арасында сурамжылоо жүргүзүлгөн.

Сурамжылоонун максаты Кыргызстандын шаарлары менен айылдарындагы абанын абалы, булгануунун себептери, абанын булганышына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө таасир тийгизүүгө даярдыгын билүү жана аларды чечүүнун жолдору тууралуу сунуштарын изилдөө болду.

Жыл өткөн сайын өлкөдө экологиялык кырдаал начарлап жатат. Айлана-чөйрөнүн абалына байланыштуу көптөгөн көйгөйлөр бар, бирок бүгүнкү күнү Кыргызстанда абанын булганышы бир кыйла актуалдуу көйгөй болуп саналат. Бул тууралуу 2018-жыл үчүн дүйнөлук Экологиялык натыйжалуулук индексинин көрсөткүчтөрү дагы айтып турат, анда Кыргызстан 99-орунду ээлеген. 2016-жылы өлкө рейтинги 180 мамлекеттин тизмесинде 71-орунда турган. Башкача айтканда, 2 жылда биздин мамлекет 28 пункт боюнча төмөн түшкөн. Кыргызстан өз позициясын баарынан мурда абанын булганышын ченеген индикаторлор боюнча алдырган: азыркы учурда 180 мамлекеттин ичинен биз бул көрсөткүч боюнча 164-позицияда жана абанын сапаты боюнча 132-орунда турабыз. Эко-активисттер азыр маселе көтөрүп жатат.

Ушуга байланыштуу аталган сурамжылоонун темасы Кыргызстандагы шаарлар менен айылдардагы абанын булганышына жаштардын мамилесин жана алардын абанын булгануу көйгөйүн чечүүгө таасир этүү даярдыгын изилдөөгө арналган.

Жалпы 6 суроодон турган жаштарды сурамжылоо 2 баскыч менен өткөн. Биринчи баскыч 2018-жылдын 12-18-декабрь күндөрү жүргүзүлгөн – ага 576 жаштар өкүлдөрү катышкан. Экинчи баскыч 19-25-декабрь аралыгында өткөн жана анын ишине 408 жаш респондент катышкан.

Сурамжылоонунун жыйынтыгы боюнча абанын абалы ага катышкан жаштардын 97,3% ойлонтот. Алардан 17% респонденттер шаарлар менен айылдардагы аба таза экенин белгилешкен. Суралгандардын үчтөн бири өздөрү жашаган аймактардагы абаны жакшыраак деп баалашкан. Ар бир бешинчи жаран өздөрүнүн шаарындагы/айылындагы абаны начар десе, ар бир төртүнчү абаны булганган деп атаган. Респонденттердин 1,7% абанын булгануу көйгөйү тынчсыздандырбай турганын айткан.

Аймактардагы респонденттердин жоопторундагы көрүнүктүү айырмачылыкты белгилөө да маанилүу. «Жакшыраак десем болот» - мындай жоопту көбүнчө Бишкек шаарында (61,9%), Чүй (40,4%) жана Талас (31,3%) облустарынын жаштары беришкен. Ошол эле учурда Талас облусунан сурмажылоого катышкан жаштардын теңинен көбү абанын булгануу деңгээлин «абдан жаман» деп баалашкан (56,3%). Ысык-Көл облусунун жаштары дагы (47%) абанын булгануу деңгээлине терс мамилесин билдирген. Бул көйгөй тууралуу Ош (46,7%) жана Жалал-Абад (38,7%) облустарынын жашоочулары азыраак тынчсызданышат.

Абанын булганышы эмне жагы менен тынчсыздандырат деген суроого респонденттердин үчтөн бири алар жашаган көчөдө чаң, баткак жана таштанды жатаарын белгилешкен. Сурамжылоого катышкан жаштардын үчтөн азыраагы парктардын, гүлбактардын жана жашыл бак-дарактардын аздыгын айтышкан. 12% респонденттер өздөрүнүн шаарында/айылында аба начар болгондуктан ушул көйгөй тынчсыздандыраарын белгилешкен. Суроолорго жооп берген жаштардын 7,8% өздөрү менен жакындарынын респиратордук жана жүрөк оорулары менен ооруганын абанын булганышына байланыштырышкан.

Шаардагы/айылдагы абанын булганышынын негизги беш себебине төмөндөгүлөр кирди (эң маанилүүсүнөн тартып): автоунаа түтүнү; таштанды сактоо жайлары; жеке сектордогу көмүр жагуу; ЖЭБ, отканалардын таштандылары, өнөр жайлык булгоочулар. Респонденттердин жарымынан көбү жогоруда аталган себептерден тышкары абанынын булганышына радиоактивдүү булгоочулар, тиричилик таштандыларын кайра иштетүү, жолдорду оңдоо сыяктуу факторлор дагы таасир этет деп эсептейт.

Сурамжылоого алынган жаштардын 86,3% өздөрүнүн шаарында/айылындагы абанын булгануу көйгөйүн чечүүгө кайсыл бир деңгээлде таасир эте алабыз деп эсептешет. Алардан 34% жер-жерлердеги абанын булгануу көйгөйүнө байланышкан көйгөлөрүн чечүүгө толук түрдө таасир эте алабыз деп ишенимдүү жооп беришкен; 41% жакыны кырдаалга жарым-жартылай таасир этээрин айтышкан; ар бир тогузунчу таасир тийгизүүсүн «абдан начар» деп жооп берген. Суралгандардын 13,7% абанын булгануу көйгөйүн чечүүгө эч кандай таасир эте албасын айтышкан. Аталган маселени чечүүгө чечкиндүү көмөктөшө ала турганын Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын жаштары ишенимдүү түрдө билдиришкен. Нарын, Ош облустарынын респонденттери жарым-жартылай таасир эте алаарын белгилешкен. Талас облусунун сурамжылоого катышкан жаштарынын жарымына жакыны мындай мүмкүнчүлүгү жоктугун айтышкан.

Респонденттер абанын булгануу көйгөйүн чечүүгө өздөрү таасир тийгизе ала турган негизги аракеттер катары төмөндөгүлөрдү айтышкан (эң маанилүүсүнөн баштап): Жеке жүрүш туруш менен экологиялык акцияларга катышууну айтышты. Андан ары чоң айырмачылык менен ушул көйгөйдүн маанилүүлүгү тууралуу айланадагы элди ишендирүү, мамлекеттик кызматкерлерге жана өкмөткө кайрылуу, шайлоолордун жүрүшүнө таасир этүү сыяктуу аракеттер белгиленген.

Сурамжылоонунун аягында жаштар жергиликтүү бийлик органдарына абанын булгануу көйгөйүн чечүу боюнча сунуштарды беришти. Эң негизги сунуштар катары төмөндөгүлөр айтылды; шаарлар менен айылдардын аймагын жашылдандыруу; коомдук транспортту бардык жашоочулар үчүн жеткиликтүү кылуу, велосипедчилер үчүн шарт түзүү; комплекстүү экологиялык программа иштеп чыгуу; электр энергиясынын түнкү тарифин төмөндөтүү; техникалык кароодо автоунаа бөлүп чыгарган булгоочу заттардын деңгээлин текшерүү зарылды айтылды.

Пикир

Оставить комментарий