Кыргызстандан Азербайжанга өзгөчө белек жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 05.06.24. /Жазгүл Мадинова - Кабар/. Кыргызстандан Азербайжанга белек катары 101 баш топоз, 14 мамалагы менен жөнөтүлдү. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Кубат Касейинов билдирди.

Топоздор тоолуу Нарын облусунан чогултулуп, ветеринардык-санитардык текшерүүлөрдөн жана бардык тийиштүү эмдөөлөрдөн өткөрүлгөн.

Кубат Касейинов топоздор эки элдин достугун камтыган программанын алкагында кетип жатканын билдирди.

“Үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде эки өлкөнүн президенттери баш болгон мамлекеттик кеңешме өткөн. Ал жерден 18 документке кол коюлган. Анын ону экономикалык тармакты камтыган болчу. Жыйынтыгында эки элдин достугун камтыган программа иштелип чыккан. Программаны аткаруу иш пландары жана жол картасы бекитилген. Ошол жол картанын алкагында биздин мамлекеттен белек катары 101 баш топоз, 14 мамалагы менен Азербайжанга жөнөтүлдү”, - деди Касейинов.

Топоздорду алып кетүү үчүн Кыргызстанга Азербайжандан атайын делегация келген. Аларга Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан малдын тазалыгын аныктаган документ тапшырылды. Азербайжандан келген делегациянын курамынын мүчөсү Тарлан Аскеров белек үчүн Кыргызстан тарапка ыраазычылык билдирип, эки элдин достугу дагы да бекемделе турганын билдирди.

“Мен биринчиден сиздердин меймандостугуңуздарга терең ыраазычылык билдирем. Эки элдин достугунун кызматташтыгы биринчиден мал чарбачылыгы менен башталып жатканы мени абдан сүйүндүрүп жатат. Биз муну менен чектелбейбиз. Кызматташтыгыбыз мындан ары да уланат”, – деди Азербайжандын Айыл чарба министрлигинин сектор башчысы Тарлан Аскеров.

Эске салсак, топоздор Азербайжанга төл иретинде, тукумун көбөйтүү максатында жиберилди. Мындан эки жыл мурда да Азербайжандын Айыл чарба министрлиги тарабынан Кыргызстандан 100 баш топоз сатып алынып, тоолуу Лачын районунда тукумун көбөйтүп, санын өстүрүү максатында багыла баштаган.

Пикир

Оставить комментарий