• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба продукцияларын экспорттоого шарт түзүү иштери уланууда

Экономика 0

Бишкек, 29.07.24. /Кабар/. Кытайга айыл чарба продукциясын экспорттоону көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, буга чейин министрлер кабинетинин тескемеси менен Кыргызстандан Кытайга өрүктү экспорттоодогу фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол бекитилген.

Аны ишке ашыруу үчүн өрүк өстүрүлгөн аймактарда ыйгарым укуктуу органдардын биргелешкен кыргыз-кытай инспекциясы уюштурулат.

“Жакында өрүк өндүрүүчүлөр Кытайдын рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк алышат. Муну эске алуу менен биз өрүк өндүрүүчүлөргө кытайлык өнөктөштөрдү издөөнү жана өрүктү жеткирүү боюнча фьючерстик келишимдерди түзүүнү сунуштайбыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий