• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстандан Пакистан жана Бангладештин 45 жараны депортацияланды

Коом 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Кыргызстандан Пакистан жана Бангладештин 45 жараны депортацияланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат мыйзамсыз миграцияга каршы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусундагы Канаттуулар фабрикаларынын биринде КР визасынын мөөнөтү өтүп кеткендигине карабастан мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан 45 чет өлкөлүк жаранды (анын ичинен 12 Пакистан жана 33 Бангладеш жарандары) аныктады.

Тартип бузгандар тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн КР Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп, андан соң Кыргызстандын чегинен тышкары депортацияланды.

Белгилей кетсек, УКМК терс кесепеттерге жол бербөө үчүн жеке жана юридикалык жактарды колдонуудагы миграциялык мыйзамдарды так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий