• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандан Россияга дарбыз жана коон экспорттоло баштады

Экономика 0

Бишкек,10.07.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстандан Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Тула шаарларына коон жана дарбыз экспорттоло баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлигинен билдиришти.

Азыркы учурда министрлик тарабынан түшүмдү Россия, Казакстан өлкөлөрүнө экспортто үчүн Аксы районунун дыйкандарына ар тараптан жардам көрсөтүү максатында жүк ташуучу транспорт менен камсыздоо уюштурулуп, аталган өлкөлөрдүн базарларына сатууга көмөк көрсөтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жалпы 2 242 га аянтка бакча өсүмдүгү эгилген. Анын ичинен 1991 га дарбыз, 251 га коон, бүгүнкү күнгө карата жалпы 50 мин 350 тонна бакча өсүмдүгү жыйналды. Анын ичинен 43 миң 699 тоннасын дарбыз, 6 миң 651 тоннасын коон түзөт.

Дарбыз жана коонду Россия жана Казакстанга экспорттоону каалаган дыйкан-фермерлер Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштертүү өнөр жайы министрлигинин төмөндөгү кызматкелерине телефон аркылуу кайрылышса болот:

  • Мадиева Бермет Искендеровна – Экспорт жана интеграция боюнча чечимдерин ишке ашыруу бөлүмүнун башкы адиси; (байл.т.:+996500270791);
  • Анарбеков Искак Анарбекович – Кайра иштетүү өнөр жайы боюнча чечимдерин ишке ашыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; (байл.т.: +996555346060);
  • А.Абдрашов (байл.т.: +7 702 830 0630)- Казакстан Республикасынын соода жана интеграция министрлигинин өкүлү;
  • Е.Ауэзов (байл.т.: +7 777 123 4177) – Казакстан Республикасынын соода жана интеграция министрлигинин өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий