• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандан Россияга сүт жана балык азыктарын ташууга киргизилген чектөөлөр алынды

Экономика 0

Бишкек, 24.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстандан Россияга сүт жана балык азыктарын ташууга киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эки тараптуу ведомстволор аралык сүйлөшүүлөрдүн негизинде былтыр коюлган чектөөлөр жоюлду.

“Бир ай мурда Ветеринардык кызматы, Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Чектөөлөр алынып салынды. Бирок мурдагыдай эле көзөмөлдөө иштери күчөтүлөт. Биздин ишкерлер коюлган белгилүү бир талаптарды бузбай, техникалык регламентке ылайык иш алып баруулары керек”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы 2023-жылдын башында Кыргызстандан балык азыктарын, 21-апрелден тарта сүт азыктарын Россияга ташууга тыюу салган.

Пикир

Оставить комментарий