• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстандан Өзбекстанга эт экспорттоо пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчилиги КР Экономика жана коммерция министрлигинин астындагы Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Ведомствонун маалыматына караганда, жолугушууда Кыргызстандан Өзбекстанга эт азыктарын экспорттоо боюнча долбоорду биргелешип каржылоо маселеси талкууланды.

Долбоордун алкагында Кыргызстанда эт кластерин түзүү, андан кийин продукцияны Өзбекстанга экспорттоо каралган. Бул кластер өлкөнүн эт тармагын өнүктүрүүнүн негизги элементи болуп, коңшу мамлекеттердин ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого жардам берет.

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында туруктуу жеткирүү чынжырын түзүү жана экспортко чыгарылуучу продукциянын сапатын жакшыртуу максатында катышуучулардын кеңири чөйрөсүн, анын ичинде фермерлерди, кайра иштетүүчүлөрдү жана экспорттоочуларды тартуу пландалууда.

Тараптар долбоордун бардык аспектилерин мындан ары өнүктүрүүгө жана терең кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий