Кыргызстандан Өзбекстанга малды мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет көргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Кыргызстандан Өзбекстанга үч баш уйду мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет көргөн 38 жаштагы А.Д. аттуу Өлөн-Булак айылынын жашоочусу кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматка караганда, уйлар 200 миң сомго бааланат.

“Документтер толтурулгандан кийин А.Д. жана үч баш уй кийинки териштирүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий