Кыргызстанды газ менен камсыздоо боюнча узак мөөнөттүү келишимдерге кол коюлду

Экономика 0

Бишкек, 08.06.24. /Кабар/. Күн мурун энергетика министри Таалайбек Ибраев Санк-Петербург шаарында "Газпром" ачык акционердик коомунун төрагасы Алексей Миллер менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу "Санкт-Петербург эл аралык экономикалык" форумунун алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын калкын газ менен камсыз кылуу жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.

Тараптардын сүйлөшүүсүнөн кийин Кыргызстандын калкын жаратылыш газ менен камсыз кылуу боюнча төмөндөгүдөй узак мөөнөттүү эки келишге кол коюлду:

  • "Газпром Экспорт" жоопкерчилиги чектелген коом менен "Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда Кыргызстандын калкын жаратылыш газы менен камсыз кылуу боюнча узак мөөнөттүү келишимге кол коюлду. Жаңы келишимдер боюнча жеткирүү 2025-2040-жылдарга чейин ишке ашырылат;
  • "Газпром Кыргызстан" ЖЧК менен "Электр станциялары" ААК жана "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы ортосунда калкты жаратылыш газы менен камсыз кылуу боюнча узак мөөнөттүү келишимдер.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев "Газпром" ААКтын төрагасы Алексей Миллерге Кыргызстан менен Россиянын отун-энергетика тармагындагы кызматташтыгына кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, "Санкт-Петербург эл аралык экономикалык" форуму 5-8-июнда "Экспофорум" конгресс-көргөзмө борборунда өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий